Бишкек-Ош унаа жолунун Суусамыр тилкесине асфальт төшөө пландалууда
- 83 просм.
Эл аралык маанидеги Бишкек-Ош унаа жолунун жалпы узундугу 678 чакырымды түзөт. 1964-1965-жылдары курулуп, колдонууга берилген бул жол 2002-жылы реабилитациядан өткөрүлгөн.
Жаратылыш климатынын татаалдыгы, жол кыймылынын көптүгү, оор жүк ташуучу унаалардын күнү-түнү жүрүшү жана жолдун өзүнүн иштөө мөөнөтүнүн бүткөндүгүнө байланыштуу кайрадан капиталдык оңдоодон өткөрүү муктаждыгы жаралган.
Мындан улам, 2022-жылы Бишкек-Ош унаа жолунда жайгашкан Төө-Ашуу ашуусунун (132,5-141-чакырымдар аралыгы) түштүк тарабындагы 9,5 чакырым жолго 2 катмарлуу асфальт төшөө иштери жүргүзүлгөн.
Жолдун эскилиги жеткенин жана азыркы тапта жүрүп жаткан аң-чөнөктөрдү жамоо иштери убактылуу чара болгондугун эске алып, аталган жолдун 100 чакырымына асфальт төшөө иштери пландалууда.
Быйылкы жылы биринчи кезекте жолдун 152-162-чакырымдар аралыгына (Суусамыр өрөөнү), тагыраагы жалпы 10 чакырымына асфальт төшөө иштеринин долбоордук-сметалык иш кагаздары даярдалып, курулуш иштерин уюштуруу боюнча жумуштар жүрүүдө.
Белгилей кетсек, жолдун жогоруда аталган тилкесине жакын жайгашкан асфальт-бетон заводу жок. Алыстан алынып келинген жол куруу материалдары сапаты жагынан талапка жооп бербей калат. Завод орнотулган соң асфальт төшөө иштерин баштоо пландалууда.
Айта кетчү жагдай, бүгүнкү күнгө чейин Бишкек-Ош унаа жолунда (Суусамыр өрөөнү) 13 000 м2 аң-чөнөктөрдү жамоо иштери аткарылып, талапка ылайык келтирилди. Азыркы тапта иштер планга ылайык уланууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы