mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек-Ош унаа жолунда аткарылган иштердин түрмөгү  

Бишкек-Ош унаа жолунун 100-107, 155-156 жана 160-163-чакырымдар аралыгында аң-чөнөктөрдү жамоо иштери жүрүүдө. Жумуштар №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып жатат.

Бишкек-Ош унаа жолунун 141-161-чакырымдар аралыгында жол четин тегиздөө иштери жүрүүдө.

Бишкек-Ош унаа жолунун 616-620-чакырымдар аралыгындагы жол белгилери жаңыланууда. Белгилей кетсек, өлкө аймагы боюнча өңү өчүп, эскилиги жеткен же жарактан чыккан жол белгилерин министрликтин алдындагы «Өндүрүштүк-инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесиндеги устаканадан буюртма менен алдырып, алмаштыруу иштери жүрүүдө.

Бишкек-Ош унаа жолунун 390-427-чакырымдар аралыгында жол боюндагы бордюрлар, тосмолор жана көпүрөлөр акталып, сырдалып, айланасы тазаланып жатат.


Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы