mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Бишкек–Ош жолу толугу менен тазаланып каттам берилди

Бишкек–Ош жолунун Чычкан капчыгайына түшкɵн кар кɵчкү ыкчам түрдɵ тазаланып, каттам берилди.

Сосновка жана Арал өткөрмө постторуна коюлган чектɵɵлɵр алынды.

Тазалоо иштерин министрликтин алдындагы №23 Жол тейлөө ишканасы жүргүздү.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын 17-февралында саат 12:10 чамасында Бишкек–Ош жолунун Чычкан капчыгайынын эки участогуна кар көчкү түшкɵн. Кар көчкүнүн узундугу болжол менен 100 метрди, ал эми бийиктиги 5 метрди түзгɵн.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы