Бишкек-Ош жолу: Жеңил унааларга чектөө алынды
- 41 просм.
Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашууда жол тыгыны толук жөнгө салынып, жоюлду. Сосновка (13:20да) жана Арал (14:00до) постторунда жеңил унааларга коюлган чектөө алынды. Ал эми оор жүк ташуучу транспортторго чектөө күчүндө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №9 Жол тейлөө ишканасы кошумча тартылган техникалардын жана жумушчу күчтөрдүн жардамы менен жолду тазалоо, кеңейтүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп жатат.
Жеринде кырдаалды министр Абсаттар Сыргабаевдин тапшырмасы менен биринчи орун басар Талантбек Солтобаев баштаган тиешелүү жетекчилерден куралган топ көзөмөлдөөдө.
Белгилей кетсек, Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуудагы жол тыгынды жайкы дөңгөлөк жана чынжыры жок чыккан оор жүк ташуучу унаалар жараткан. Ошондой эле, каршы тилкеге чыккан транспорт каражаттары жолчулардын ишине бир топ тоскоолдуктарды алып келди.
Мындан улам, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги зарылчылык болбосо жарандардан алыс жолго сапар алуудан карманып турууга чакырат. Ошондой эле, аба ырайын эске алуу менен ашуу аркылуу жол тарта турган айдоочулардан унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууну суранат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы