mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек–Ош жолунун ашуулардагы тилкелерине кар күрткүсүнөн коргоочу атайын тосмолор орнотулду

Төө-Ашуу менен Ала-Бел ашуусуна кар күрткүсүнөн коргоочу атайын тосмолор орнотулду. Бүгүн, 18-октябрда анын салтанаттуу ачылышы өтүп, ага Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидэки Года, Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары жана башкалар катышты.

Министрдин орун басары Бекназар Базаралиев бул долбоордун маанилүүлүгүн белгилеп, аны ишке ашырууда көмөк көрсөткөн бардык тараптарга ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, “Бишкек–Ош жолун кар күрткүсүнөн коргоо” долбоору Япон эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) колдоосу менен (гранттык) ишке ашырылды.

Атайын тосмолор жолдун 125-129-чакырымдар аралыгына (Төө-Ашуу) жана 216-222-чакырымдар аралыгына (Ала-Бел) коюлду. Жолдун коопсуздугун жана үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу максатын көздөгөн долбоордун алкагында Төө-Ашууга жалпы узундугу 2008 метр, ал эми Ала-Белге 3980 метр, бийиктиги 3-4 метрлик тосмолор орнотулду.

Эске салсак, былтыр JICAнын колдоосу менен Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында кардан коргоочу галереянын курулушу аяктап, пайдаланууга берилген. Жол каттамын жакшыртуу менен бирге өлкөдөгү автомобилдик ташууларды, логистиканы жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого өбөлгө болгон галереянын узундугу 460 м, бийиктиги 8,6 м, туурасы 10,5 м түзөт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы