Бишкек-Ош жолундагы Нарын дарыясындагы көпүрөнү реконструкциялоо долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациалоо жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды
- 15 просм.
Бүгүн, 24-февралда Жогорку Кеңештин Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде «2025-жылдын 12-декабрында Бишкекте кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония Өкмөтүнүн жана JICAнын ортосундагы Бишкек–Ош жолундагы Нарын дарыясындагы көпүрөнү реконструкциялоо долбоору боюнча Алмашуу ноталарын жана гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.
Жогоруда айтылган долбоорду Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Улукбек Жаныбеков тааныштырды.
Бишкек-Ош жолундагы Нарын дарыясындагы көпүрөнү реконструкциялоо аркылуу Кыргыз Республикасы менен коңшу өлкөлөрдүн ортосундагы транспорттук байланыштарды жакшыртуу жана натыйжада жол кыймылынын үзгүлтүксүз жана коопсуз жүрүшүнө салым кошуу максатында иштелип чыккан деп билдирди У. Жаныбеков.
«Көпүрөнүн курулушу Бишкек-Ош автожолунун 315-чакырымында ишке ашырылат. Учурдагы кɵпүрɵ 1964-жылы ошол доордун стандарттарына ылайык курулган. Ушул жылы аталган участокто жаңы заманбап кɵпүрɵнү куруу пландалууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы