Бишкек – Нарын –Торугарт авто жолунда каттам бар, жол ачык
- 122 просм.
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон, Кызыл-Бел жана Ат-Башы районундагы Ак-Бейит, Түз-Бел, Торугарт ашууларында күн ачык, каттам үзгүлтүксүз уланууда.
Учурда жолчулар тарабынан жол жээгине түшкөн карды тазалоо, тайгак тилкелерде кум- туз аралашмасын чачуу иштери жүрүп жатат.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, жол эрежесин сактоого чакырат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы