mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунда кар көчкү түштү

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 291-чакырымында (Кара-Үңкүр капчыгайы) кар көчкү түштү.

Учурда жол бир тараптуу ачык, унаалар кезек менен өткөрүлүүдө.

Кар көчкүнүн так көлөмү аныкталууда. Жеринде №41 Жол тейлөө ишкана филиалы тарабынан керектүү техникалар тартылып тазалоо иштери жүрүүдɵ.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы