mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек – Күнтуу — Белогорка — Суусамыр унаа жолунун курулуш долбооруна техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө келишимге кол коюлду

Министрлер Кабинети менен Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) ортосундагы Бишкек-Күнтуу-Белогорка- Суусамыр унаа жолунун курулуш долбооруна техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө келишимге кол коюлду. Иш-чара Алматы шаарында орун алып, ага ЕӨБдүн төраг  асынын орун басары Ярослав Мандрон баштаган өкүлдөр менен аралыктан Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекжан Рысмендеев катышты.

Белгилей кетсек, буга чейин келишимге Министрлер Кабинетинин атынан Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев кол коюп, документ Алматы калаасына жиберилген.

Алдыда келишимдин алкагында Бишкек-Күнтуу-Белогорка-Суусамыр унаа жолун куруу долбоору боюнча алдын ала техникалык-экономикалык негиздеме (ТЭН) иштелип чыгат. Ошондой эле, Евразия өнүктүрүү банкынын Техникалык көмөк көрсөтүү фондунун эсебинен 200 миң АКШ долларына чейинки суммадагы каржылоо каралган.  

Белгилей кетсек, Бишкек-Күнтуу-Белогорка-Суусамыр жолун куруу долбоору –Бишкек-Ош каттамындагы тыгындарды жоюуга багытталган. Долбоор өлкөнүн экономикасын жана социалдык чөйрөсүн өнүктүрүү үчүн стратегиялык мааниге ээ. Анткени, Бишкек-Күнтуу-Белогорка-Суусамыр жолу азыркы каттамдан 164 чакырым кыска болуп, түндүк менен түштүк аймактарынын ортосундагы жол жүрүү убактысын болжол менен 2-4 саатка кыскартат. Ошондой эле, жолдун курулушу эл аралык жана ички туризм   менен сооданы өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Жолду куруу учурунда да, аны пайдалануу учурунда да жаңы жумуш орундары пайда болот.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы