Бишкек-Кунтуу-Шопоков унаа жолун реконструкциялоо иштери улантылууда
- 18 просм.
Бишкек-Күнтуу-Шопоков унаа жолун реконструкциялоо боюнча пландалган иштер учурда кызуу уланууда. Бүгүнкү күндө Бишкек-Кунтуу-Шопоков багытындагы 6,7-чакырымындан баштап жолду кеңейтүү жана бактарды кыюу иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, бул иштер Мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланып, «Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №1 Жол куруу башкармалыгы тарабынан аткарылып жатат.
Аталган унаа жолдун жалпы узундугу 12,4 чакырымды түзөт. Ал эми 2025-жылы жолдун 6,7 чакырымына асфальттын биринчи катмары төшөлгөн. Кунтуу айылын ичинде узундугу 2,7 чакырым болгон тротуар, лоток жана суу түтүктөрүн орнотуу иштери асфальтка чейин жумуштар толук аяктаган. Долбоордо жолду төрт тилкеге чейин кеңейтүү, тротуарларды салуу, жарык берүүчү чырактарды орнотуу жана мурда кыйылган бактардын ордуна жаңы көчөттөрдү отургузуу сыяктуу иштер камтылган.
Бул өзгөртүүлөр жол коопсуздугун жакшыртууга, ошондой эле аймактагы калк жана транспорт үчүн кыймылдын үзгүлтүксүз болушуна шарт түзөт.

