mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек-Кара-Балта унаа жолу: Тазалоо, суу чачуу жумуштары жүрүп жатат

Жети дубан жолдорунда жол оңдоо иштери менен катар лотокторду жана жол четин жууп, тазалоо, актоо, сырдоо жана жол белгилерин алмаштыруу, куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркуу сыңдуу жумуштар кызуу жүрүүдө.

Учурда “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №39 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун 8,5-15,9-чакырымдар аралыгы тазаланып, андан соң суу менен жуу жумуштары жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, буга чейин жолчулар тарабынан жол тасмасы шыпырылып, тазаланып келген болсо, алдыда кырдаалга жараша суу чачуу жумуштары улантылат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы