Бишкек-Кара-Балта унаа жолундагы жарыктандыруу иштери уланууда
- 113 просм.
Стратегиялык маанидеги Бишкек-Кара- Балта унаа жолунун жээгиндеги жарыктандыруу системаларын оңдоп-түзөө, алмаштыруу иштери уланууда.
Бүгүнкү күндө, №28 Жол тейлөө ишканасы тарабынан 800 даана жарык берүү прожекторлор алмаштырылды жана 300 даана жаны прожекторлорду орнотуу пландалууда.
Аталган жолдо №40 Жол тейлөө ишканасы тарабынан да, прожекторлорду алмаштыруу иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө 904 даана прожектор жаңыланды. Алдыга коюлган план боюнча 1174 даана орнотулат.
Учурда, орнотулган прожекторлорду текшерүү үчүн күндүзгү мезгилде дагы унаа жолдору жарыктандырылууда. Планга коюлган 2263 даана прожекторлордун 1704 орнотулду. Жогоруда аталган иш улантылууда.
Министрликтин маалымат кызматы