Бишкек-Кара-Балта жолу: Прожекторлор жаңыланууда
- 35 просм.
Чүй облусунун Москва районунда №28 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек-Кара-Балта унаа жолундагы жарык берүүчү прожекторлорду алмаштыруу иштери жүрүүдө. Азыркы тапта 100дөн ашык прожекторлор орнотулду. Алдыда дагы 1000ге жакыны жаңыланат. Жумуштар прожекторлор заводдон алынып, келип түшкөнүнө жараша улантылып, ушул жылдын декабрь айынын аягына чейин жыйынтыкталары мерчемделүүдө.
Ошондой эле, Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун 22-чакырымына (Гавриловка айылы) жөө адамдар өтүүчү жол чырак орнотулуп, жолдун 15,9-37,9-чакырымдар аралыгында тазалоо иштери жүрүүдө. Мындын тышкары, Сокулук районуна караган Асыл-Баш айылынын Дөөлөт атындагы көчөсүнө (1 чакырым) асфальт төшөлүп, иштер жыйынтыкталды.
Белгилей кетсек, буга чейин №28 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Александровка-Асылбаш жолунун 3 чакырымы, Беш-Корук айылынын Маке көчөсү (870м), Сокулук айылындагы оорукананын аймагы жана Арчалы айылындагы 3 чакырым жолго асфальт төшөлгөн.
Транспорт жана коммуникциялар министрлигинин маалымат кызматы