mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек-Кара-Балта автомобиль жолунда аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат

Белгилүү болгондой, Бишкек-Кара-Балта автомобиль жолун реконструкциялоо иштерин подрядчы Чайна Рейлвей №5 Инжеринг групп (China Railway No.5 Engeering Group CO., LTD) компаниясы Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ортосунда 2017-жылдын 28-мартында түзүлгөн келишимдин негизинде аткарып, 2021-жылдын 18-ноябрында негизги иштерин бүткөргөн. Азыркы күндө подрядчы жолдогу аныкталган кемчиликтерди жоюу иштерин аткарууда.

Өз кезегинде, Министрлик Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бардык салынган жолдордун сапатын текшерүү жана камсыз кылуу максатында атайын иш-чараларды аткарууга алган. Бул иштердин алкагында 2023-жылдын 12-октябрында атайын комиссия түзүлүп, Бишкек – Кара-Балта автомобиль жолунун сапатын текшерип, жыйынтыгында кемчиликтер аныкталган.

Бул боюнча тийиштүү акт түзүлүп, аталган кемчиликтерди жоюу иштери азыркы күндө подрядчынын эсебинен ишке ашырылууда жана аткарылып жаткан иштерди көзөмөлгө алуу үчүн Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (Мамкурулуш) менен биргелешип көзөмөлдөө иштерин ишке ашырууда.

Жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылган жол курулуш иштериндеги кемчиликтер Министрлик менен Мамкурулуштун жооптуу кызматкерлеринин 2024-жылдын 30-апрелиндеги биргелешкен көзөмөлдөө иштеринин жүрүшүндө аныкталган жана Мамкурулуштун ыйгарым укуктарынын негизинде подрядчыга айып пул салынып жана жазма буйрук берилген.

Бүгүнкү күндө подрядчы тарабынан айып пул толугу менен төлөнүп 217 метр узундуктагы жерге кайра асфальт төшөө иштери жүргүзүлүүдө (сүрөттөр тиркелет).