Бишкек-Кант-Токмок жолуна асфальттын биринчи катмары төшөлүп, пайдаланууга берилди
- 40 просм.
Бишкек-Кант-Токмок унаа жолунда асфальттын биринчи катмарын төшөө иштери жыйынтыкталды.
Азыркы тапта убактылуу жол сызыктары чийилип, эки тараптуу каттам берилди.
Долбоорго ылайык, жолдун 5+200-9+050-чакырымдар аралыгына асфальттын жогорку катмарын төшөө, көпүрөнү оңдоо, тротуар жана лоток орнотуу жумуштары да жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, Бишкек-Кант-Токмок унаа жолунун 3,85 чакырымга созулган тилкесин (Новопокровкадан Лермонтовага чейин) капиталдык оңдоодон өткөрүү мерчемделген.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы