mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Бишкек-Кант жолунун 12 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Капиталдык оңдоодон өткөрүү муктаждыгы жаралган Бишкек-Кант унаа жолун талапка ылайык келтирүүгө министрликтин алдында атайын комиссиялык топ түзүлгөн.

«Кыргызжолтрансдолбоор» долбоорлоо жана изилдѳѳ институтуна жолдун долбоорун жана сметалык документациясын иштеп чыгуу тапшырмасы берилген. Анын жыйынтыгы менен жолдун 9-21,5-чакырымдар аралыгын, тагыраагы 12,5 чакырымын асфальттоо пландалууда.

Алдыда этап-этабы менен Бишкек-Кант андан соң Кант-Токмок жолдорун (каржы маселесинин чечилишине жараша) оңдоо иштери жүрөт.

Белгилей кетсек, элге ыңгайлуу шарт түзүү максатында Бишкек-Кант унаа жолунда планга ылайык, ан-чөнөктөрдү жамоо иштери аткарылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы