mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкекте III Эл аралык Борбор Азия жол конференциясы 2024 өтүүдө

Борбор калаада Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Бишкек мэриясынын, «ИнДорТех» ЖЧШнын (ТОО) жана Жолчулардын өкмөттөр аралык кеңешинин колдоосу менен III Эл аралык Борбор Азия жол конференциясы 2024 өтүүдө. (CARC 2024).

Жол тармагындагы эң актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн уюштурулган иш-чаранын ачылышында Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекжан Рысмендеев сөз сүйлөп, конференциянын маанилүүлүгүн белгилеп өттү.

24-25-сентябрга белгиленген иш-чарага Борбор Азия өлкөлөрүнүн жол тармагындагы тиешелүү жетекчилери, өкүлдөрү, жол битуму, битум эмульсиясы, асфальт-бетон, цемент-бетон өндүрүүчүлөр жана жол курууга керектүү кошулмаларды дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн жеткирүүчүлөр (поставщик) катышууда.

Ошондой эле, конференцияга жол-курулуш техникаларын, машиналарды жана жабдууларды, лабораториялык жабдууларды (стационардык жана көчмө) жана жол-курулуш иштеринин сапатын көзөмөлдөөчү приборлорду өндүрүүчүлөр, жол-курулуш, оңдоо жана эксплуатациялоо уюмдарынын (компаниялардын) адистери, жол изилдөө, долбоорлоо-изилдөө уюмдары жана башка тармактык рыноктун катышуучулары, анын ичинде жол тармагындагы интеллектуалдык системалардын өндүрүүчүлөрү катышып жатат.

III Эл аралык Борбор Азия жол конференциясынын алкагында салттуу көргөзмө да уюштурулган.

Эскерте кетсек, бул «ИнДорТех» ЖЧШсы тарабынан уюштурулган үчүнчү конференция. Буга чейин мындай иш-чара Казакстан менен Өзбекстанда өткөрүлүп, ага 30дан ашык өлкөдөн жүздөгөн спикерлер жана делегаттар катышкан.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы