mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкектен Астанага жаңы автобус каттамы ачылды

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргыз автобекети» мамлекеттик ишканасы 18-июндан тартып, Батыш автобекетинен Бишкек–Астана (Кыргызстан-Казакстан) эл аралык каттамы боюнча көп орундуу, ыңгайлуу автобустар каттай баштаганын маалымдайт.

Билеттин баасы 2500 сомду түзөт жана аларды beket.kg сайты аркылуу аралыктан же автобекеттин кассасына келип алууга болот.

55 орунга эсептелген автобустар жуманын ар шейшемби күнү саат 12:00дө жөнөп кетет. Ал эми Астанадан Бишкекке бейшемби күнү чыгат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы