Белгилерди алмаштыруу, жол сызыктарын жаңылоо… Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жасалып жаткан жумуштар
- 83 просм.
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 9-18-чакырымдар аралыгында жол сызыктарын жаңылап чийүү жумуштары жүрүп жатат. Иштер №39 Жол тейлөө ишканасы (ЖТИ) тарабынан аткарылууда.
Ошондой эле, №954 жана №41 ЖТИнин кызматкерлери ыргытылган таштандыларды терип, аялдамаларды актап, сырдап, жолдо жаралган жаракаларды толтурууда. Жумуштар Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 310-362-чакырымдар аралыгында жүрүп жатат.
Мындан тышкары, №32 Жол тейлөө ишканасы арыктарды тазалап, жол белгилерин жанылоодо.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы