“Бедел” өткөрмө пункту жайгашкан Барскоон-Үч-Турпан-Ак-Суу унаа жолундагы орто оңдоо иштери кызуу жүрүүдө
- 62 просм.
1996-жылдан бери бүдөмүк болуп, бүгүнкү күндө гана рекордук кыска мөөнөттүн ичинде ишке ашырылган “Бедел” өткөрмө пункту Барскоон-Үч-Турпан-Ак-Суу унаа жолунда жайгашкан. Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасы тарабынан аталган убактылуу жолдун 58 чакырымын оңдоо каралып, жумуштардын 60%дан ашыгы бүткөрүлдү.
Курулуштун оорудугу менен өтө татаал географиялык жана климаттык шарттарга карабастан 40 чакырым аралыкка шагыл төшөө жумуштары жүрүп, аз убакыт аралыгында каттам берилгенин белгилей кетүү керек.
Мындан тышкары, Барскоон-Үч-Турпан-Ак-Суу унаа жолунда деңиз деңгээлинен 3850 метр бийиктикте жайгашкан Ашуусу деген ашуу бар. Мурда жүк ташуучу унаалар гана жүргөн бул жолду кеңейткенден кийин, жеңил унаалар менен өтүүгө мүмкүнчүлүк ачылды. Азыркы тапта жолчулардын тынымсыз аракети менен 7 серпантин жолу бүткөрүлүп, жер жумуштары жасалып жатат. План боюнча 34 серпантин каралган.
Ошондой эле, долбоор боюнча 16 темир көпүрө салуу иштери каралган болсо, бүгүнкү күндө 4 көпүрөдө жумуштар аяктап, жол белгилери толук орнотулуп бүттү.
Белгилей кетсек, аталган аймакта климаттык шарт катаал болгондуктан техникалардын иштеши да салыштырмалуу төмөн. Эгер башка жерде жол курууга керектелген атайын техникалар 100% колдонулса, бул объекте анын өндүрүмдүүлүгү 15-20% төмөн. Пландалган иштин көлөмү чоң болгондуктан кызматкерлер 2 нөөмөт менен иш алып барды. Учурда да башкы подрядчы “Кыргызавтожол-Түндүк” жана субподрядчиктер (“ГранитТрансСервис”, “РИЧ Строй”, “Биджей строй” жана “ Даян Строй” ЖЧКсы) тарабынан жумуштар планга ылайык уланууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы