Баткен облусунда жасалып жаткан жол иштеринин түрмөгү
- 57 просм.
№ 2 Жол тейлөө ишканасы:
Бужум-Баткен-Исфара унаа жолунда жер жумуштары жүрүүдө.
№ 13 Жол тейлөө ишканасы:
Раззаков шаарын айланып өткөн жолдо асфальт төшөөгө даярдыктар көрүлүп, жолдун негизи жасалууда.
Самат -Замборуч -Жаркыштак автоунаа жолунда асфальт төшөө жумуштары аяктады.
№ 46 Жол тейлөө ишканасы:
Кызыл-Булак-Тамаша унаа жолунун 3 чакырымына асфальт басылды.
Ак-Кыя-Жийделик жолунда асфальт төшөө жумуштары уланууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы