mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Баткен облусунда жасалып жаткан жол жумуштарынын түрмөгү

№ 2 Жол тейлөө ишканасы тарабынан:

Кызыл-Бел-Достук унаа жолунда асфальт төшөө жумуштары жүрүүдө, бүгүнкү күндө 5 чакырымы басылды.

Айгүл-Таш-Согмент-Таян жолунда жер иштери жүрүп жатат. 1,7 чакырым жол жаңыдан сайдан чыгарылып, салынды. Ал эми 1,5 чакырым жеринде кеңейтүү жумуштары жүрүүдө.

Бужум-Баткен-Исфара жолунун 3-чакырымында жер жумуштары жыйынтыкталып, асфальт төшөө иштери башталууда.

Сох-Кан-Зардалы жолунун 12-чакырымында көпүрө куруу жумуштары жүрүүдө. Ушул эле жолдун Зардалы айылына түшкөн Кашка-Суу тилкесинде кооптуу бурулушту жардырып, жол ачуу иштери аткарылып жатат.

№ 13 Жол тейлөө ишканасы тарабынан:

Самат-Замборуч-Жаркыштак автоунаа жолуна асфальт төшөлүүдө.

Раззаков айланма жолунда асфальт төшөө жумуштары уланууда.

№ 46 Жол тейлөө ишканасы тарабынан:

Үч-Коргон-Чаувай автоунаа жолунда асфальт төшөө үчүн негизин даярдоо, жолду кеңейтүү жумуштары уланууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы