Баткен-Боз-Адыр унаа жолуна асфальт төшөлүүдө
- 73 просм.
Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун (эски багыт) Баткен-Боз-Адыр тилкесинде асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Жеринде «Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №2 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар иштеп жатат.
Азыркы тапта аталган аймакта абанын табы 40 градуска жетүүдө. Аптаптуу ысыкка карабастан иш ыргагы өз нугу менен планга ылайык уланып жатат.
Быйыл аталган жолдун 7 чакырымын оңдоо каралып, бүгүнкү күндө жумуштар ортодон ооп, 3,5 чакырым аралыкка асфальт жаткырылды.
Баса белгилеп кетчү жагдай, жол куруу иштери бардык нормаларга жооп берет.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы