mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Баткен: Абсаттар Сыргабаев облустагы жол иштеринен кабар алып, бир катар тапшырмаларды берди

Транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаевдин Баткен облусуна жасаган жумуш сапары Кара-Жантак жолундагы жер иштеринин жүрүшүн текшерүү менен башталды. 2024-жылга карата капиталдык салымдар беренесинин эсебинен аталган унаа жолдун 3 чакырымына асфальт төшөө каралган. Иш ыргагы менен жеринен таанышкан жетекчи, пландалган бардык жумуштарды 31-августка чейин бүтүрүүнү тапшырды.

Ошондой эле ал жер иштери жүрүп жаткан Кан-Бор-Балык унаа жолунун планга кирген 5 чакырым аралыгын асфальттоо жумуштарын 10-сентябрга чейин аяктоо талабын койду.

Абсаттар Сыргабаев Баткен-Кара-Бак-Чоң-Талаа, Баткен-Боз-Адыр (асфальт төшөө иштери жүрүүдө, жалпы 7 чакырым) жана Айгүл-Таш-Согмент-Таян, Бужум-Баткен-Исфара унаа жолдорун көрүп, 2024-жылдын планына кирген жумуштарды мөөнөтүнөн кечиктирбестен бүткөрүүнү жана колдо бар мүмкүнчүлүктү пайдалануу менен иш ыргагын ыкчамдатууну тапшырды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы