mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Баткенде сел жүрүп, бир катар жолдор жабылды

Баткен облусунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улаам Айгүл-Таш-Согмент-Таян, Сох-Кан-Зардалы, Коргон-Катран-Баул унаа жолдорунда сел жүрүп, учурда жол жабык. Жерине аймакты тейлеген жолчулар жана атайын техникалар тартылды.

Ошондой эле, Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 313-330-чакырымдар аралыгы жана жолдун Баткен-Боз-Адыр тилкесинде каттам убактылуу токтоду. Кошумча маалымат берилет.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы