Баткенде жол оңдоо иштери жүрүүдө
- 519 просм.
Баткен облусунда Жол тейлөө ишканалары тарабынан асфальт төшөө, жердин негизин даярдоо, жолдорду тазалоо иштери жүрүп жатат.
📌 №2 Жол тейлөө ишканасы:
Арка 2 — Маргун-Даркум автоунаа жолунда 1 чакырым жерине асфальт төшөө иштери башталды. Сох-Кан-Зардалы автоунаа жолунда жолду кеңейтүү иштери жүрүүдө.
📌 №13 Жол тейлөө ишканасы:
Катраң-Өзгөрүш автоунаа жолунда асфальтоо жана негизин даярдоо иштери жүрүп жатат.
📌 №46 Жол тейлөө ишканасы:
Кыргыз-Кыштак айылынын 1 чакырым жолуна асфальт төшөө үчүн даярдыктар жүрүп жатат.
📌 Ал эми Үч-Коргон-Теңизбай автоунаа жолунда жер иштери жүрүүдө. Жийделик -Ак Кыя автоунаа жолунда жолду тазалоо, таштарды алуу жумуштары жүрүп жатат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы



