mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Баткендеги сел: Достук-Ак-Сай унаа жолундагы көпүрө бузулуп, жол жабылды

Тажикстан Республикасы менен чектеш Көк-Терек айылындагы Достук-Ак-Сай унаа жолунда көпүрө бузулуп, каттам убактылуу токтотулду. Азыркы тапта аны биргеликте кайрадан калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу кошумча маалымат дагы берилет.

Белгилей кетсек, кечээ, 16:00дор чамасында Баткен облусунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Айгүл-Таш-Согмент-Таян (3-9-чакырымдар аралыгы), Сох-Кан-Зардалы (29-31-чакырымдар аралыгы), Коргон-Катран-Баул (0-15-чакырымдар аралыгы) жана Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 313-330-чакырымдар аралыгы менен ушул эле жолдун Баткен-Боз-Адыр тилкесинде каттам убактылуу жабылган. «Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасынын №2 жана №13 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан тынымсыз тазалоо иштеринин натыйжасында Баткен-Боз-Адыр жолу эки тараптуу ачылып, калган унаа жолдордо бир тараптуу каттам берилген. Азыркы тапта селдин кесепеттерин жоюу, кеңейтүү иштери жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы