mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Барскоон -Тамга унаа жолунун 1,2 чакырымына асфальт төшөө иштери аяктады

Ысык-Көл облусундагы Барскоон-Тамга унаа жолунун 1,2 чакырымына асфальт төшөө иштери аяктады. Жеринде №3 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иш алып барды.

Ошондой эле Балыкчы-Ананьев-Каракол унаа жолуна экинчи катмар асфальт төшөлүп, толук бүткөн бөлүктөрүндө жол чийиндер чийилип жатат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы