Барскоон–Бедел автожолунун курулушу уланууда
- 17 просм.
Мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулуп жаткан ири инфраструктуралык долбоор – Барскоон–Бедел автожолунун курулушу уланууда.
Учурда изилдөө иштери толугу менен бүткөрүлдү. Долбоорлоо иштери дээрлик аяктап, тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашуу иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле подрядчы тарабынан керектүү техникаларды жеткирүү, бетон заводун куруу жана жумушчуларды мобилизациялоо иштери аткарылды.
Долбоорлоо иштери курулуш иштери менен айкалыштырылып жүргүзүлүп жаткандыктан, долбоордо каралган эки тоннелде курулуш иштери активдүү жүрүүдө. №1 тоннелде 49 адис жана 55 техника иштеп, 15 метр казуу иштери жүргүзүлдү. Ал эми №2 тоннелде негизги тоннелде 13,2 метр жана параллелдүү штректе 12 метр казылды.
Белгилей кетсек, Барскоон–Бедел автожолунун жалпы узундугу болжол менен 150 км түзөт. Жол Ысык-Көл облусунун түштүк жээгиндеги Барскоон айылын Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасы менен чек арасындагы Бедел өткөрмө пункту менен байланыштырат.
Долбоордун алкагында 2 тоннель, 30дан ашык көпүрө (анын ичинде 2 даана эстакадалык кɵпүрɵ) жана коргоочу инженердик курулмалар куруу каралган. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү болжол менен 5 жылды түзөт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы