Балыкчы-Кочкор унаа жолу убактылуу жабылат
- 35 просм.
2024-жылдын 16-октябрынан тарта дүйшөмбү, шаршемби, жума күндөрү саат 8.00дон 17.30га чейин Балыкчы-Кочкор унаа жолу (39+90– 42+90-чакырымдар аралыгы) 1 айга жабылат.
Аталган тилке Балыкчы-Кочкор темир жол куруу долбоорун ишке ашыруунун алкагында аска таштарды бургулоо жана жардыруу иштери жүргүзүлүшүнө байланыштуу жабылат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы
График_жол_жабуу_Балыкчы-Кочкор10.2024г. (1) СХЕМА