mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Балыкчы-Кочкор унаа жолу бир жумада үч жолу жабылып жатат

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 16-октябрдан тарта дүйшөмбү, шаршемби, жума күндөрү эртең мененки саат 8.00дон 17.30га чейин Балыкчы-Кочкор унаа жолунун 39+90–42+90-чакырымдар аралыгы жабылып жатканын билдирет.

Ведомство аталган тилке Балыкчы-Кочкор темир жол долбоорунун курулушунун ишке ашыруунун алкагында аска таштарды бургулоо жана жардыруу жумуштарына байланыштуу бир ай аралыгында жабылып турарын кошумчалайт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы