mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

“Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол” жолунун жаңыланган 0–25 км бөлүгү (сүрөт баян)

«Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол» автожолунун 0–25-чакырымдар аралыгында жол иштери соңуна чыгып калды.

Реконструкциянын алкагында жол төрт тилкелүү болуп кеңейип, анын жалпы туурасы 17,6 метрди түздү.

Коопсуздукту жогорулатуу максатында жолдун ортосуна атайын тосмолор орнотулуп, жол сызыктары чийилди. Мындан тышкары, 36 суу өткөрүүчү түтүктөр курулуп, 3 ири көпүрө жаңыланды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы