mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Байтик айылынан Кашка-сууга чейин 9 км веложол курулууда

Чүй облусунун Аламүдүн районунда Байтик айылынан башталып, Кашка-Суу айылына чейинки аралыкта жаңы веложол курулууда.

Долбоордун жалпы узундугу 9 км түзөт.

Учурда 4,3 чакырымына асфальт төшөлүп, калган бөлүгүндө бордюр орнотуу жана жер иштери жүрүп жатат.

Веложолдун курулушу министрликке караштуу №25 жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.

Жаңы веложол аймак тургундары үчүн сергек жашоо образын колдоого, коопсуз жана ыңгайлуу кыймылга өбөлгө түзөт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы