mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Аэропорттордун учуп-конуу тилкелерин асфальттоо иштери

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” жана “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан өлкөдөгү аба майдандардын жолдору, аэродром элементтери, учуп-конуу тилкелери реконструкцияланып, капиталдык оңдоодон өттү. Калың элдин каттамын жеңилдетип, жакшы шарт түзүп берүү максатында “Манас”, “Нарын”, “Казарман”, “Талас”, “Жалал-Абад” жана “Кербен” аэропортторунда аткарылган иштерди тизмектейбиз.
 
“Ош” аэропорту
 
“Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасы тарабынан Ош облусундагы “Манас” Эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкесине асфальт төшөө иштери аткарылды. Тактап айтканда, 1500 м2 тереңдиги 24 см жана 950 м2 тереңдиги 21 см аң-чөнөктөрдү жамоо, узуну 414 метр туурасы 60 метр жалпы аянты 24124.29 м2 асфальт төшөө. Ошондой ПК22+00 – ПК24+14 эле (ПК-автожолдордогу аралыкты 20 м кадам менен белгилөөчү чекит ) чейинки аралыкта 2568,5м2 белгилерди чийүү иштери аткарылды.
 
“Жалал-Абад” аэропорту
 
2024-жылы Жалал-Абад облусундагы “Манас” Эл аралык аэропортунун филиалы болгон “Жалал-Абад” аба майданынын учуп-конуучу тилекелери оңдоп-түзөөдөн өттү. “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасынын №52 Жол эксплуатациялоо ишканасы тарабынан аба майдандын аэродром элементтерин, аң-чуңкурларды жана жаракаларды битум аралашмасы менен жамоо, асфальттоо жумуштары жүргүзүлдү. Көлөмү жагынан алсак, жердин негизги катмарын тегиздөө 9756,6м2, аң чункурларды жамоо жумуштары 3678,5м2, асфальт-бетон катмарын жаткыруу 157952,5м2 аткарылган. Ошондой эле тиешелүү болгон термопласт материалы менен учуп-конуу тилкесине горизонталдык белгилерди чийүү иштери жасалды.
 
 
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы