Ашыкча жүк жүктөгөн айдоочулар айыпка жыгылат
- 40 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти салынган жолдордун сапатын сактоо, талкалоого жол бербөө максатында текшерүү иштери үзгүлтүксүз уланып жатканын билдирет.
Транспорт департаменти өлкөнүн өнүгүшү үчүн стратегиялык, социалдык, экономикалык мааниге ээ болгон жолдор аркылуу оор жүк ташыган унаалардын ашыкча жүгү аныкталса, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 181-беренеси боюнча (салмак-габариттик өлчөмдөрдүн белгиленген ченемдерин сактаган эмес) тиешелүү протоколдор толтурулуп, анын негизинде айып пулдар салынарын эскертет.
Белгилей кетсек, транспорттук көзөмөл бардык аймактык башкармалыктар тарабынан жүргүзүлүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы