Ашууларда кар. Министрлик унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат
- 30 просм.
Бүгүн, 14-октябрга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, жол ачык. Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп жатышат.
Азыркы тапта Бишкек-Ош унаа жолунун 209-230-чакырымдар аралыгында (Ала-Бел ашуусу) жана 123-138-чакырымдар аралыгында (Төө-Ашуу) кар жаап жатат. Тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүрүүдө. Жол ачык, каттам бар. Ушундай эле жагдай Өтмөк ашуусунда орун алууда. Унаа кыймылына чектөө жок.
Баса белгилей кетчү жагдай, жайкы дөңгөлөк менен чыккан унаалар жолчулардын ишине тоскоол болуп, жасалма тыгын жана авариялык абал жаратууда.
Мындан улам, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы