mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Ашууларда кар. Киргизилген чектөөлөр күчүндө

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө.

“Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатат.

Бүгүн, 4-ноябрь саат 09:00го карата Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу (4-ноябрь саат 07:00дон тарта) жана Ала-Бел (4-ноябрь саат 05:10дон тарта) ашууларында жана Суусамыр-Талас-Тараз жолундагы Өтмөк ашуусунда (4-ноябрь саат 07:00дон тарта) оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө күчүндө.

Кошумча маалымат берилет.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы