mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Ашууларда жол ачык

Бүгүн, 29-декабрга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда жол ачык, каттам бар. Оор жүк ташуучу унааларга чектөө жок.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караган Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп жатышат.

Урматтуу айдоочулар!

Тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган болсоңуз унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштыруу менен керектүү шаймандарды ала жүрүүнү унутпаңыз!

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы