mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ашууларда жол ачык

Бүгүн, 3-февралга карата өлкөнүн ашууларында каттам бар, жол ачык. Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол-Түштүк” жана Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштери үзгүлтүксүз уланууда.

Жолчулар атайын кезметке туруп, өзгөчө тайгак тилкелерге күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатышат.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы