mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ашууларда жол ачык. Каттам күндөгүдөй жүрүүдө

2025-жыл 17-январь, Өлкөнүн аймагындагы стратегиялык авто жолдордо, ашууларда жолдор ачык, каттам бар.  Бишкек-Ош авто жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел,  Тараз –Талас — Суусамыр автомобиль жолундагы Өтмөк ашууларында,  Бишкек – Нарын -Торугарт автомобиль  жолундагы Долон, Кызыл-Бел жана Ат-Башы районундагы Ак-Бейит, Түз-Бел, Торугарт ашуусунда  каттам бар, жол ачык.

Министрликтин алдындагы Жол тейлөө ишканаларынын жолчулар тарабынан тынымсыз  инерттик материалдарды себүү, жолго түшкөн  кар күрткүлөрүн тазалоо, жол жээгин кеңейтүү иштери кызуу жүрүүдө.

 Бишкек-Нарын-Торугарт авто жолунун 290-291-293-чакырым аралыгындагы  жана Кочкор-Арал-Тɵɵ-Ашуу авто жолунда  суу өтүүчү түтүкчөлөрдөгү муздарды кол күчү менен чагуу жана жол жээгин тазалоо иштери жүрүп жатат.

Алыс жолго чыккан айдоочуларга Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, жол эрежесин  сактап, унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырат.

 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы