mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Ашууларда абал кандай?

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө.

“Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатат.

Бүгүн, 8-декабрь саат 09:30га карата Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу жана Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат. Жол ачык.

Ал эми Бишкек–Нарын–Торугарт жолунун Долон ашуусунда (саат 9:00дон тарта) жана Бишкек-Ош жолунун Ала-Бел ашуусунда (7-декабрь саат 21:00дон тарта) оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө күчүндө. Кошумча маалымат берилет.

Жол тейлөө ишканалары өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп, атайын кезмет уюштуруу менен жол тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы