mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ашууларда абал кандай?

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам, жол кырсыгын алдын алып, жасалма тыгын болтурбоо максатында буга чейин Бишкек-Ош унаа жолундагы Арал (саат 10:15те) жана Сосновка постторунда (саат 13:00) оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынды.

Ошондой эле, Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 60-чакырымында (Өтмөк ашуусу) оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө саат 12:00до алынды.

“Кыргызавтожол-Түндүк” жана “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.  

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кандай жагдай жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы