Ашууларда абал кандай? Өлкө жолдорундагы соңку кырдаал
- 20 просм.
Бүгүн, 13-февралда өлкөнүң негизги ашууларында кар жаап жатат. Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караган “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан тазалоо, тайгак тилкелерге кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатат.
Бишкек-Ош жолунун Төө-Ашуу ашуусунда 11-февраль күнү саат 03:40 тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу киргизилген чектөө алына элек. Учурда кар жаап жатат, тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө.
Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда күн бүркөк жана Каракол-Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда бороон болуп, кар жаап жатат. Каттам бар.
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашуулары жана Боом капчыгайында күн бүркөк, жол кыймылы үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле, Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда кечээ саат 17:00до оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алына элек.
Түндүк–Түштүк альтернативдик жолунун 198-чакырымында болжол менен 07:30 чамасында кайра 1000 куб метр кар көчкү түшүп, жерине техникалар тартылууда. Учурда каттам убактылуу жабык.
Ошондой эле, Түндүк-Түштүк унаа жолунун Арал-Казарман бөлүгүнүн 243-296-чакырым аралыгында түшкөн кар көчкүнү тазалоо иштери жүрүп жатат. Каттам эки тараптуу жабык.
Кочкор–Арал–Төө-Ашуу унаа жолунун 135–160-чакырым аралыгында (Арал–Кызыл-Ой участкасы) жааган кардан улам түшкөн кар көчкүнү тазалоо иштери жүргүзүлдү. Жол кыймылы үчүн каттам ачык.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы




