mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Ашууларда абал

Бүгүн, 18-февраль өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттам бар.

Министрликке караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери жалпы пайдалануудагы автоунаа жолдорунда кар тазалоо, тайгакка каршы инерттик материалдарды чачуу, ошондой эле кар күрткүлөрүн тазалоо иштерин күнү-түнү үзгүлтүксүз жүргүзүп жатышат.

Мындан тышкары, подряддык компаниялар тейлеген жол тилкелеринде да тазалоо жана жол жээгин кеңейтүү иштери туруктуу аткарылууда.

Министрлик ашуу аркылуу жол жүргөн айдоочулар жол коопсуздугун камсыздап, ылдамдыкты сактап, каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин сактоого жана керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы