mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Ашуулардагы абал

Бүгүн, 21-февраль өлкөнүн кээ бир ашууларында кар жаап жатат. Жол ачык, каттам бар.

Жети дубандагы Жол тейлөө ишканалары өздөрүнө бөлүнгөн аймактарды толук көзөмөлдөп, атайын кезметке туруу менен күнү-түнү тазалоо, кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатышат.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы