mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ашуулардагы абал: Төө-Ашуу менен Өтмөктө оор жүк ташуучу унааларга чектөө бар

Аба ырайынын кескин начарлашынан улам, Талас-Тараз-Суусамыр жолунун (60-чакырымы) Өтмөк ашуусунда 08:30дан тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Азыркы тапта аймакты караган №36 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, кум себүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле, Сосновка постунда буга чейин оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алына элек.

Өлкөнүн башка ашууларында да жааган кар жолчулар тарабынан дароо тазаланып, инерттик материалдар себилип жатат. Каттам бар.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы