Ашуулардагы абал: Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди
- 257 просм.
Бүгүн саат 17:10дон тарта Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуудан оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Аймакты караган № 9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштери жүргүзүлүп жатат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги эскертет!
Тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган болсоңуз, унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырууну унутпаңыз!
Алыс жолго сапар алган учурда жаныңызга музга туруштук бере турчу атайын чынжырча ала жүрүңүз.
“Сосновка” жана “Кара-Көл” пункттарында унаалардын кышка даярдыгы текшерилип, талапка жооп бербегендер артка кайтарыларын эскертебиз.
Ашуу аралап баратып, кокус авариялык абалга кептелсеңиз, унаа токтотууга коюлган ташты дароо жол боюнан алып коюуңуз.
Анткени, ал жол кырсыгы коркунучун гана туудурбастан, жасалма транспорт тыгынын да жаратат.
Кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпаңыз! Сиз эрежени гана бузбастан, жол тазалаган унаалардын кыймылына катуу тоскоолдук жаратарыңызды унутпаңыз!
Эсиңизде болсун! Унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоо -кырсыкты алдын алып, жол коопсуздугун камсыздайт.
Министрликке караштуу Жол тейлөө ишканалары өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп, жаралган кырдаалга ыкчам аракет көрүүгө даяр!
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы