mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Ашуулардагы абал тууралуу билип алыңыз!

Аба ырайынын өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө.

Министрликке караштуу Жол тейлөө ишканалары тарабынан атайын кезмет уюштурулуп, күнү-түнү кум-туз аралашмасын чачуу жумуштары аткарылып жатат.

Бүгүн, 11-декабрь саат 10:00го карата Нарындагы Долон ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынды. Ал эми Бишкек-Ош жолундагы Ала-Бел ашуусунда чоң жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө күчүндө.

Ошондой эле, Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 506-508-чакырымдар аралыгында (Түз-Бел ашуусуна) унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө күчүндө турат. Аталган аймакта бороон басыла элек. Ага карабастан № 957 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери уланууда. Кошумча маалымат берилет.

Калган ашуулар жана жолдордо каттам бар. Тазалоо, кум-туз аралашмасын чачуу жумуштары жүрүп жатат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги алыс жолго чыгарда унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга жана жол эрежесин так сактоого чакырат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы