Ашуулардагы абал: Жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө
- 15 просм.
Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө.
“Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатат. Каттам бар.
Бүгүн, 9-декабрь саат 09:30га карата Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашуулары менен Суусамыр-Талас-Тараз жолундагы Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынды.
Ал эми Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Долон ашуусунда тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштери жүрүүдө. Алдыңкы сааттарда буга чейин киргизилген оор жүк ташуучу унааларга чектөө алынат.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы