mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ашуулардагы абал: жол ачык, каттам бар

Бүгүн, 30-январга карата өлкөнүн ашууларында каттам бар, жолдор ачык. Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол-Түштүк” жана «Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Жолчулар атайын кезметке туруп, өзгөчө тайгак тилкелерге күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатышат.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы